Биз социалдык тармакта

Бир жумада өлкө ичинде 320 мас айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 27-октябрдан 2-ноябрга чейин 22 804 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 844;
-Мас абалында транспорт каражатын башкаруу - 320;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 165;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 043;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 251;
-Авто ээнбаштык - 29;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 754;
-Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 515;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 880 унаа айып короо жайына токтотулган.
Жол тескөөчүлөр айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан