Стамбулда эл аралык Газа саммити өтүп жатат

Түркиянын Стамбул шаарында Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча саммит башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Эл аралык жыйынга Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан төрагалык кылууда. Түркиянын жетекчилиги астында өтүп жаткан саммитке Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ), Индонезиянын, Катардын, Пакистандын, Сауд Арабиясынын жана Иорданиянын тышкы иштер министрлери катышууда.

Күн тартибинде Газада туруктуу ок атышууну токтотуу жана аймакка гуманитардык жардамды көбөйтүү камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан