Непалдын Ялунг Ри тоосунда кар көчкү жүрүп, 7 адам каза болду

Непалдын Ялунг Ри тоосунда кечээ, 3-ноябрда кар көчкү жүрүп, алдын ала маалыматтар боюнча, 7 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, 5 чет элдик альпинист жана 2 непалдык гид каза болгон. Чет элдик туристтердин улуту жана ким экендиги азырынча аныктала элек.

Непалдын жергиликтүү басылмалары куткаруу топтору тик учак менен окуя болгон жерге жетүүгө аракет кылышканын, бирок аба ырайынын начардыгынан кайра кайтууга аргасыз болгонун белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан