Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Бахрейнде өткөн спорттун гамма түрү боюнча Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мелдешке Манас шаарынан 6 спортчу катышып, 3 спортчу ийгиликке жетишкен. Тактап айтканда, Эржан Камалдинов 3-орунду, Фирдаус Эргешов 3-орунду ал эми Мухаммадрасул Кадирдинов 2-орунду ээлеген.
Шаар мэри Ормоков спортчуларды спорт менен катар билим алууга да өзгөчө көңүл бурууга чакырып, Кыргызстандын желегин ар дайым бийик желбиретишине тилектештигин билдирди.
Ийгилик жараткан спортчулар Манас шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда тарбияланышат.