Синоптиктердин маалыматы боюнча, эртең, 5-ноябрда өлкө аймактарында жамгыр, кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1 ... +4, Талас жергесинде -2... +3, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +1... +6, Ысык-Көлдө 0 ... +5, Нарында -1... +4 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын табы -1... +1 градус болот.