Социалдык тармактарда Казакстанда көкпар оюну учурунда жогорку ылдамдыкта келе жаткан жол тандабас унаа аттарды тебелеп өткөнү тартылган видео тарады.
Маалыматтарга ылайык, окуя 1-ноябрь күнү Кызылорда облусунда болгон. Облустук полиция билдиргендей, видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, оюн жергиликтүү тургун тарабынан, тиешелүү органдарга билдирилбестен уюштурулганы аныкталган. Ал жоопкерчиликке тартылган.
Ошондой эле бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айдоочусу табылып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.