Биз социалдык тармакта

Орусиянын 27 аймагында 40 шайлоо тилкеси ачылды

Орусияда жашаган кыргызстандыктардын шайлоо укугун толук ишке ашыруу максатында ал өлкөнүн 27 аймагында 40 шайлоо тилкеси уюштурулду. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргыз элчилиги билдирди.

Добуш берүү күнү - 30-ноябрь, саат 08:00дөн 20:00гө чейин. Ар бир шайлоочу өзүнүн жарандык паспорту же "Түндүк" тиркемеси менен жакынкы шайлоо тилкесинде добуш бере алат.

Белгиленгендей, мурдагыдай консулдук каттоого туруу талабы жок.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги миграцияда жүргөн кыргызстандыктарды шайлоого жигердүү катышууга чакырат.

Ар бир аймак боюнча даректер сүрөттө көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан