Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага мэрдин орун басары Нурлан Закиров, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, маданият тармагында эмгектенген кызматкерлер, чыгармачыл адамдар жана ардагерлер катышышты.
Иш-чаранын алкагында бул тармакта үзүрлүү эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. Салтанат концерттик программа менен коштолду.