Британияда пенсионерлерди зордуктаганга шектүү өспүрүм кармалды 

Британиянын Суонси Королдук соту 18 жаштагы Жимми Тоузду 63, 85 жана 89 жаштагы төрт пенсионерди зордуктагандыгы үчүн жети жылга эркинен ажыртылганын The Sun басылмасы жазды.

Тергөө көрсөткөндөй, кылмыш жасалган учурда 17 жаштагы Тоуз өзүн медициналык кызматкер, массаж терапевти же терезе жуугуч катары көрсөтүп, жабырлануучулардын үйлөрүнө кирип, аларга кол салып, зордуктап жүргөн.

63 жаштагы жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган. Аны аялдын үйүнө келгенде полиция кызматкерлери кармашкан.

Өспүрүм качууга аракет кылган. Учурда ал камакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан