АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы алдын ала бышырылган жана таңгакталган макарондон жуккан листерия бактериясынан 6 адам каза болуп, 25 адам ооруканага жаткырылганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 18 штатта листерия илдети катталган. Ошондой эле аталган бактерияны жугузуп алган кош бойлуу аял баласын бойдон түшүрүп алган.
Башкармалык листериянын таралышына себеп болгон макарондордун пакети ден соолукка коркунуч туудургандыктан, базардан алынып салынганын кошумчалады.