Орусияда 5 жаштагы кыздын сөөгү ижарага алынган батирден табылды

Орусиянын Челябинск шаарында 5 жашар кыздын сөөгү табылганын Орусиянын аймактык тергөө комитети билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аял баласы менен батирди ижарага алып турушкан. Кийинчерээк аял көчүп кетип, үй ээси 5 жаштагы кыздын сөөгүн дивандан тапкан.

"Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (жашы жете элек баланы өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду",- деп айтылат билдирүүдө.

Адистер учурда бир катар тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан