Социалдык тармактарда Бишкекте мушташып жаткан топ балдардын видеосу тарады. Кадрдан алардын бири-бирин тээп, уруп жатканын көрүүгө болот.
Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматы факт каттоого алынганын билдирди. Учурда жаңжалдын катышуучуларын издөө иштери жүрүүдө.