Индиянын Чхаттисгарх штатында жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд менен жүк ташуучу поезд кагылышты.
India Today агенттигинин маалыматына караганда, алты адам каза болуп, бир нече киши жаракат алган. Жүргүнчүлөрдү ташыган поезд токтоп турган жүк ташуучу поезддин арткы бөлүгүн сүзгөн.
Окуя болгон жерде куткаруучулар менен дарыгерлер иш алып барып жатышканы, ошондой эле кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.