Босния жана Герцеговинадагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 10 адам каза болду

Босния жана Герцеговинадагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 10 адам каза болду. Бул тууралуу tuzlanski.ba жазды.

Маалым болгондой, окуя Тузла шаарындагы карылар үйүндө болгон.

Өрт имараттын жетинчи кабатында тутанган. Куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге дароо жетип, алгач өрттү чектөөгө, андан соң толук өчүрүүгө жетишкен. Бирок тилекке каршы, 10 адамды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Мындан тышкары, 20 киши жаракат алган, алардын арасында өрт өчүрүүчүлөр, полиция кызматкерлери жана дарыгерлер да бар.

Шаар бийлиги азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Эскерте кетсек, 29-мартта Германиянын Ганновер шаарында карылар үйүндө чыккан өрттөн 50дөн ашуун адам жабыркаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан