Чемпиондор Лигасынын жалпы этабындагы төртүнчү турда "Ливерпуль" мадриддик "Реалды" жеңди. Оюн 1:0 эсебинде аяктады.
Голду жарым коргоочу Алексис Мак Аллистер оюндун 61-мүнөтүндө киргизди.
Беттеш "Ливерпуль" клубунун "Энфилд" стадионунда өттү.
Бул беттештен кийин "Ливерпуль" жана "Реал" төрт оюндун жыйынтыгында 9 упай топтоду. "Ливерпуль" жалпы 36 командалуу топтук таблицада 6-орунда, ал эми мадриддиктер 5-орунда турат.