Чемпиондор Лигасы: ПСЖ клубу "Бавариядан" утулду

Кечээ, 4-ноябрда, Чемпиондор Лигасынын жалпы этабынын төртүнчү турунун бир катар беттештери болуп өттү.

ПСЖ мюнхендик "Баварияга" утулуп калды. Оюн 1:2 эсебинде аяктады.

"Бавариянын" жарым коргоочусу Луис Диас беттештин 4 жана 32-мүнөттөрүндө дубль жасады. Ал биринчи таймга кошулган убакытта ПСЖнын коргоочусу Хакимиге орой мамиле кылганы үчүн талаадан чыгарылды.

Беттештердин жыйынтыгы:

  • Париждик оюнчу Жоау Невеш 74-мүнөттө бир топту кайтарды.
  • Англиялык "Тоттенхэм Хотспур" даниялык "Копенгагенди" 4:0 эсебинде жеңди.
  • "Наполи" Франкфурттун "Айнтрахты" менен тең чыкты - 0:0.
  • "Арсенал" прагалык "Славияны" жеңди - 0:3.
  • Мадриддик "Атлетико" бельгиялык "Юнионду" утту - 1:3.
  • Италиялык "Ювентус" менен португалиялык "Спортинг" тең чыкты - 1:1.
  • Норвегиялык "Буде-Глимт" "Монакого" утулуп калды - 0:1.
  • Грециялык "Олимпиакос" "ПСВ" менен тең чыкты - 1:1.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан