Борбордук шайлоо комиссиясы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган эки жарандын жана талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн бир жарандын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
БШК Мамасадыковдун жана Ашимбаевдин каттоосун жокко чыгарды. Ал эми №8 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер кылып көрсөткөн Эрматовдун арызы эске алынды.
Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.