АКШ тарыхындагы эң таасирдүү вице-президент Дик Чейни каза болду

АКШнын тарыхындагы эң таасирдүү вице-президент Дик Чейни 84 жашында каза болду.

Саясатчынын өлүмү тууралуу CNN телеканалы анын үй-бүлөсүнө таянып кабарлады. Телеканал Чейнини "терроризм менен күрөшүү согушунун" башкы архитектору деп атап, анын америкалык аскерлердин Иракта согушка катышуусуна себепчи болгонун белгиледи.

Чейни көп жылдар бою жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркап, бир нече жолу инфаркт болгон. 2012-жылы анын жүрөгүн алмаштырышкан.

Дик Чейни АКШнын төрт президентинин администрациясында иштеген. 1989-жылдын 20-мартында президент Жорж Буш-улуусу аны коргоо министри кылып дайындаган. АКШнын вице-президенти болуп Чейни 2001-жылы шайланган.

CNN белгилегендей, акыркы жылдары Чейни Республикалык партия тарабынан четке кагылган, анткени учурдагы президент Дональд Трампты кескин сындап, аны "коркок" жана "өлкөгө эң чоң коркунуч" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан