Ырчы Жанна Фрискенин рак оорусуна чалдыкканы тууралуу маалымат тарады

Орусиялык маалымат булактары “15-январь күнү ырчы Жанна Фриске Шереметьево аэропортунан дарылануу үчүн Германияга учуп кетти” деген маалымат таратышты. Ырчынын рак оорусуна чалдыгып, мыкты дарыгер-онкологдордун көзөмөлүндө болуу үчүн жарандык никеде жашаган Дмитрий Шепелев менен кеткени айтылууда. 

Жанна Фрискенин пиар-директору ырчынын ооруганы тууралуу маалыматты четке кагып, азыркы тапта Майамиде жүргөнүн айткан. Ал эми Жанна Фрискенин атасы кызынын айыкпас ооруга кабылганы тууралуу маалымат жалган экенин билдирген. 

Майамидеги Жаннанын жакын тааныштары анын Америкага январь айында учуп келбегенин айтып чыгышкан.  Алып баруучу Андрей Малахов АКШдан жасаган репортажында “ден соолугуна байланыштуу Жанна немец дарыгерлеринен консультация алууда” деп жазган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sterva
2014-01-19 18:37:36
Бир жылы Наташа Королева ны дагы рак болуп ооруп калыптыр дешкен. .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан