Apple компаниясы бюджеттик ноутбук чыгарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул түзүлүш веб-баракчаларды караган, документтер менен иштеген, жөнөкөй мультимедиа оңдогон колдонуучулар үчүн иштелип чыкты.
"J700" коддуу түзүлүш азыр Apple компаниясында активдүү сыноодон өтүп жатат. Компания макбук моделин 2026-жылы чыгарууну пландап жатат.
Ноутбукта анча өнүккөн эмес компоненттер колдонулат, айфон процессору жана сапаты төмөн LCD-дисплей орнотулат. Бюджеттик макбук 1000 доллардан кыйла төмөн баада сатылышы күтүлүүдө. Болжол менен баасы 600 доллар болушу мүмкүн.