Биз социалдык тармакта

Жогорку соттун төрагасы өлүм жазасы боюнча пикирин билдирди (видео

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев "Биринчи радиого" курган маегинде өлкөдө өлүм жазасын киргизүүнү эл чечиши керектигин билдирди.

Сатыев бул боюнча ачык пикирин билдирүүдөн карманып, соттор кабыл алынган мыйзамды гана аткаруучу орган экенин белгиледи.

"Эл референдум аркылуу чечиши керек. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууну же өлүм жазасын киргизүүнү эл тандашы керек",- деди ал.

Белгилей кетсек, Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору октябрь айында коомдук талкууга коюлган.

Учурда өлкөнүн Баш мыйзамы өлүм жазасына тыюу салат. Бул тыюу качан кирген, өлкөдө акыркы өлүм жазасы качан ишке ашырылган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн ушул шилтемден окусаңыз болот.

Жогорку соттун төрагасы өлүм жазасы боюнча пикирин билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан