Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кечээ жана бүгүн кар жаап, аба ырайы кескин өзгөрдү.
Өзгөчө тоолуу райондордо кар калың түшүп, айдоочулар жарандарга Ош-Бишкек багыты боюнча сапарга чыкпай турууга чакырып, видео кайрылуу таратышууда. Кайрылууда Ала-Бел ашуусунда унаалардын тыгыны жаралганы айтылат.
Ал эми Талас облусунун Көпүрө-Базар айылынын тургундары түн ичинде жааган кар тизеге чейин жеткенин айтып, видеолорду социалдык тармактарга жарыялашты.