Бүгүн, 5-ноябрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарынын жыйынтыгында кыргыз-египет биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, төмөнкү документтерге кол коюлган:
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Египеттин Электр энергия жана энергиянын кайра жаралуучу булактары министрлигинин ортосундагы электр энергиясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Египеттин Инвестициялар жана эркин экономикалык зоналар боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Егмпеттин Вакф (кайрымдуулук) министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Улуттук банкы менен Египеттин Борбордук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.