Биз социалдык тармакта

Бишкекте бардык шарты менен автодром курулат

Бүгүн, 5-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкекте 10 гектар жерге автодром куруларын айтты.

“14-ноябрда капсула салабыз. 2 айдын ичинде эң биринчи автодромдорду бүтүрөбүз. Кийинки жылдын март айында бардык шарттары менен бүтүп калат. Бүгүнкү күнгө чейин "Унаа" мекемесинин өзүнүн имараты, автодромдору болбоптур. Азыркы учурда сынактарды "Аюунун" бир унаа токтотуучу жайында эле өткөрүп жүрүшүптүр.

Автомат унааларына да буйрутма берилип жатат. Жакында Европада кандай болгон болсо, биздин өлкөгө да ошондой шарттарды түзөбүз”, - деди ал маалымат жыйынында.

Бишкекте бардык шарты менен автодром курулмакчы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан