Биз социалдык тармакта

Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна барганда кандай убадаларды берди?

Бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, заманбап медициналык жабдууларды тапшырды.

Анда аталган борбордун директору атайын кызматтын башчысынан бир катар маселелерди чечип берүүнү суранды. Ал борбордун 4 миң чарчы метрлик унаа токтотуучу жайы оңдоого муктаж экенин, шаар четинен келген дарыгерлер үчүн унаа керектигин, жана генетикалык изилдөө үчүн атайын медициналык жабыктар керектигин айтты.

Ташиев унаа токтотуучу жайды оңдоп берүү милдетин алып, дарыгерлер үчүн 10 кызматтык унаа жана керектүү медициналык жабдыктарды алып берүүнү убада кылды.

Ташиев Эне жана баланы коргоо борборунуна барганда кайдан убадалары берди?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан