Биз социалдык тармакта

Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылды

Кечээ, 5-ноябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн дагы 3 шайлоо тилкесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, жаңы шайлоо тилкелери Казакстандын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында ачылды. Муну менен чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо тилкеси ачылды.

Эске салсак, 18-октябрда БШК Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 71 шайлоо тилкесин түзүүнү бекиткен. 24-октябрда жана 27-октябрда кошумча 20 жана 6 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан