АКШнын Миссисипи штатындагы заводдо аммиак агып чыгып, эл эвакуацияланды

АКШнын Миссисипи штатында жер семирткич өндүрүүчү CF Industries заводунда жарылуудан кийин суюк аммиактын агып чыгышы катталды. Бул тууралуу штаттын губернатору Тейт Ривз социалдык тармактагы билдирүүсүндө маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, агып чыгуу Язу-Сити шаарынын түндүк тарабында болгон. Азырынча каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалымат жок. Губернатор Реншоу жана Женеретт жолдорунун аймагындагы тургундарды дароо эвакуацияланууга чакырды.

Fox News телеканалы билдиргендей, Америкалык Кызыл Крест жабыркагандар үчүн жардам борборун ачты. Ошондой эле айлана-чөйрөнүн сапаты боюнча департамент абанын абалын асмандан мониторинг жүргүзүү жолу менен көзөмөлдөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан