Бүгүн, 6-ноябрда саат 09:15ке карата Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырды.