Индиянын Мумбай шаарында сөөктү жерге берүү зыйнатындагы
тыгында 18 адам каза болуп, 40тай адам жаракат алды. Бул тууралуу 18-январда чет элдик басылмалар
жазып чыгышты.
17-январда “Давуди Бохра” мусулмандар кыймылынын лидери Съедна Мухаммед Бурхануддин 102 жашында көз жумган. Аны менен
коштошуу үчүн миңдеген адам келип, тыгында набыт болушкан.
Каза болгондор
боюнча Индия бийлиги тарабынан расмий билдирүү жасала элек.