Интернет желесинде Бишкектеги Патрулдук милиция башкармалыгынын имаратында кассада отурган кызматкер эротикалык тасманы көрүп отургандыгы боюнча видео тараган.
Бул боюнча башкармалыктын басма сөз кызматы түшүндүрмө берип, видеодогу кызматкер патрулдук милициянын кызматкери эмес экенин билдирди.
Маалыматка караганда, тасманы башкармалыктын имаратында жайгашкан “Кыргыз почтасы” ишканасынын кассири көрүп жаткан. Мындан улам мекеме видеодо көрсөтүлгөн көрүнүш Патрулдук милиция кызматкерине тиешеси жок экенин баса белгиледи.