Орусияда Санарип министрлиги балдар үчүн өзгөчө SIM-карталарды киргизүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Бардык балдар үчүн SIM-карталарды өзүнчө каттоодон өткөрүү милдеттүү болот. Албетте, бул ата-энелердин макулдугу менен жасалат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми ата-энелер балдарынын геотректерине соттун чечими жок эле кире алышат. Ошондой эле улгайган адамдар өз геотректерине кирүү үчүн ишенимдүү адамды дайындай алышат.
Август айында Орусияда 14 жашка чейинки балдар үчүн өзгөчө SIM-карталарды киргизүүнү сунушталган. Ошол эле учурда мындай карталарды колдонгондо социалдык тармактарга кирүүгө мүмкүн болбой турганы кошумчаланган.