Космостогу "Тяньгун" орбиталык станциясында тайконавттар жаңы бышыруу мешин сыноодон өткөрүп, болгону 28 мүнөттүн ичинде тоок канаттарын жана стейк даярдашты. Бул тууралуу Global Times жазды.
Маалыматка караганда, космостогу барбекю атайын мешсиз мүмкүн эмес болчу. Бул меш түтүн чыгарбайт жана анда май менен тамактын бөлүкчөлөрү айланага чачырабайт.
Мешке ошондой эле желдеткичтер системасы орнотулган, ал микрогравитация шартында ысык абанын айлануусун камсыз кылат. Астронавттар мештин температурасын 190 градуска чейин көтөрүп, тамакты жөн гана ысытуунун ордуна бышырганга да мүмкүнчүлүк алышты.