АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорктун жаңы шайланган мэри Зохран Мамданини коммунист деп атап, ал кызматка келгенде тургундар шаарды таштап кете турганын билдирди. Бул тууралуу Al Jazeera жазды.
Нью-Йоркто 4-ноябрда өткөн мэр шайлоосунда өлкө тарыхында биринчи жолу мусулман саясатчы жеңишке жетти. Мамдани "шаардагы баалардын кризисине каршы күрөшүүнү" негизги максат катары белгилеген.
Трамп Мамданини депортациялоо жана мегаполисти "басып алуу" менен да коркуткан. Ал эми жаңы мэрдин атаандаштары Мамдани Нью-Йоркту "мусулман бейиши" кылгысы келерин айтышкан. Мамдани мэрлик кызматка 2026-жылдын 1-январынан тарта киришет.