Биз социалдык тармакта

Көздүн жоосун алган көрүнүш... Ала-Арчадагы жомоктогудай кыш (видео)

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында учурда жомоктогудай кооз көрүнүш болууда. Мындай көрүнүштү видеограф Рашид Браун бөлүшүп, "Ала-Арчадагы биринчи кар" деп билдирүү калтырган.

Маалымат үчүн: Сейил бак Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргызстандын эң кооз жана туристтер көп келген эс алуу жайларынын бири. Май айынан тарта аталган аймакка электрокарлар менен кирүү каралган. Ал жакка кирүү акысы бир адам үчүн 200 сомду түзөт.

Ала-Арча жаратылыш сейил багына чейин №1 Бишкек–Ала-Арча экспресс каттамы жүрөт. Аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт сайын каттап, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.

Видео: Rashid.braun



Ала-Арча
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан