Бишкектин Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эски имараттан өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, тилсиз жоо бүгүн, 6-ноябрда чыгып, өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө бир күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 17:18де кошумча дагы 3 штаб тартылган.
Учуда Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу жерине барып, ыкчам аракеттерди көрүп жатышат. Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.