Бүгүн, 6-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникаларды тапшырды.
Атайын кызматтын башчысы өз сөзүндө калаа мэри Баатырбек Жантаевди мактады. Ташиев ал мэрликке дайындалгандан бери байкоо кылганын, Жантаев жакшы иштеп жатканын айтты.
"Көрсө, бул баланын иштегенге жөндөмү бар экен. Эми ал мындан ары да көбүрөөк иштеши үчүн, шаарды өнүктүү үчүн президентибиз калаага 500 миллион сом бөлүү боюнча чечим чыгарды", - деди УКМКнын жетекчиси.
Белгилей кетсек, Баатырбек Жантаев Балыкчыга мэр болуп быйыл июлда дайындалган.