АКШнын Майами шаарынын мэри Фрэнсис Суарес "Интер Майаминин" чабуулчусу Лионель Мессиге калаанын символикалык ачкычын тапшырды. Футболчу Америка бизнес форумуна катышкан.
"Мен сизге бул ачкычты шаарыбыз, өлкөбүз жана бүткүл футбол дүйнөсү үчүн кылган бардык нерсеңиз үчүн тапшыргым келет. Рахмат", - деп келтирет Суарестин сөздөрүн чет элдик басылмалар.
Месси сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип, аталган шаарда жашоо бакыт экенин белгилеген.
Месси "Интер Майамиде" 2023-жылдын июлунан бери ойноп келет. 23-октябрда клуб аргентиналык оюнчу менен келишимин узартканын жарыялаган. 38 жаштагы футболчу менен жаңы келишим 2028-жылдын аягына чейин түзүлгөн.