Палестинанын лидери Рим папасы менен жолугушту

Рим папасы Лев XIV менен Палестинанын президенти Махмуд Аббас жолугушканын чет элдик басылмалар жазышты.

Алар Газа тилкесиндеги элге жардам берүү жана эки мамлекеттүү чечим маселесин талкуулашкан. Жолугушуу Ватикан менен Палестинанын ортосундагы ар тараптуу келишимге кол коюлганынын 10 жылдыгына туш келди.

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас Италиянын президенти Сержо Маттарелла жана премьер-министр Жоржия Мелони менен да өзүнчө жолугушат.

Бул аралыкта Римде Аббастын сапары үчүн кеңири коопсуздук чаралары көрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан