Бүгүн, 7-ноябрда Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленип, "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде иш-чара өттү. Бул тууралдуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасына мэрдин орун басарлары, мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун кызматкерлери жана жашоочулар катышты.
Катышуучулар "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл коюп, ата-бабаларды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарындагы көзү өткөн мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюп, эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.
7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп 2017-жылы негизделген.