
Бүгүн, 7-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Министрлик тоолуу аймактарга жана ашууларга жол тарткандарга унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну сунуштайт.