Кыргызстандан "Аалам сулуусу-2025" сынагына 19 жаштагы Мэри Кувакова катышууда. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында видеолор менен бөлүшүүдө.
Эл аралык сулуулар сынагынын финалы 21-ноябрда Таиланддын Бангкок шаарында өтөт.
Сулуулардын таймашына дүйнөнүн ар кайсы бурчунан барган 130дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Сынактын жеңүүчүсү өз өлкөсүн кийинки жылы өтө турган дүйнөлүк сынакта тааныштырат.