Биз социалдык тармакта

Баткенде ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өттү

Бүгүн, 7-ноябрда Баткенде ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, кызматкерлер жана аксакалдар катышты.

Иш-чара мамлекеттин түптөлүүсүнө салым кошкон, Баткенден чыккан улуу инсандар Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиевдердин эстелигине гүл чамбар коюу менен башталып, өткөн муундардын эл үчүн кылган эбегейсиз эмгеги эскерилди.

Анда ата-бабалардын кайратмандыгы, акылмандыгы жана эрдиги тууралуу белгиленди.

Иш-чарада ата-бабалардын арбагына багышталып куран окутулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан