
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында наркы 64 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулуш иштери өткөн жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Долбоор боюнча бала бакча 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу имараттан турат. Бөбөктөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу шартта тарбияланышы үчүн бардык талаптар эске алынып, курулуш иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүүдө.