Биз социалдык тармакта

Түркия Нетаньяхуну камакка алуу ордерин чыгарды

Түркия Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу ордерин чыгарганын Daily Sabah басылмасы жазды.

Мындай чечимди Стамбулдун прокуратурасы чыгарган. Нетаньяхудан тышкары, дагы 36 адамга, анын ичинде Израилдин жогорку даражалуу саясатчыларына жана аскер кызматкерлерине да ордер берилген. Бул адамдардын баары Газа тилкесинде геноцид жасаган деп айыпталууда.

Израил мындай айыптоолорду четке кагып келет. Сентябрь айында Израилдин Тышкы иштер министрлиги БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Израилдин Газа тилкесиндеги геноциди боюнча атайын комиссиясынын отчётун бурмаланган жана жалган деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан