Биз социалдык тармакта

Түштүк Африка Трамптын дооматтарына жооп кайтарды

Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөдө ак адамдардын укуктары бузулуп жатат деген дооматтарына жооп кылганын чет элдик басылмалар жазышты.

Ал өлкөнүн министрлиги америкалык лидердин дооматтары фактылар менен тастыкталбаганын билдирген.

"Бул коомчулук куугунтукталып жатат деген доомат фактылар менен тастыкталбайт", - деген Тышкы иштер министрлигинин катчысы Криспин Фири кечээ, 8-ноябрда.

Буга чейин Трамп АКШнын расмий өкүлдөрү Түштүк Африкада өтө турган G20 саммитине катышпай турганын жарыялап, Түштүк Африканын бийликтерин өлкөдө ак адамдардын укуктарын бузган деп айыптаган.

G20 саммити 22-23-ноябрда Йоханнесбург шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан