АКШга расмий сапары менен барган Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы Брэд Купер жана Ирактагы эл аралык ИГИЛ уюмуна каршы коалициянын командири Кевин Ламберт менен баскетбол ойноду.
Чет элдик басылмалар оюндун видеосун Сириянын тышкы иштер министри Асаад аш-Шибани өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаганын, бирок анда дата көрсөтүлбөгөнүн жазышты.
Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти аш-Шарааны Вашингтон анын АКШга расмий сапары менен болор алдында террористтердин тизмесинен чыгарган.