Алып баруучу Санжар Мыкыев социалдык тармактагы баракчасында ностальгия тартуулаган видео бөлүштү. Анда "Тамашоу" лигасынын катышуучулары оюнга даярданып жаткан учурун көрүүгө болот.
Видеодо азыркы белгилүү актёрлорду, алып баруучуларды байкоого болот. Комментарийде "ностальгия", "убакыттын өткөнүн карагыла, азыр баары ата болуп калышкан", "Эхх... Убагында кандай элеңер, азыр андан да мыктысыңар", "Тамашоу - бул тарых" деген сыяктуу пикирлерин калтырышууда.
Эске салсак, 8- Ноябрь - КВНдин эл аралык күнү.