Кыргызстандык визажист Байнур Куштарбеков Голливудда өткөн "Vogue World-2025" шоусунда жылдыздарды даярдоого катышкан. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, иш-чарага шоу-бизнес жылдыздарын даярдоо үчүн белгилүү визажист Пэт Макграттын командасына чакырылган.
"Алар мага кат жазганда аларды шылуундар деп ойлогом. Алардан расмий кат алгандан кийин гана чын экенине ынандым",- деген Байнур.
Белгилей кетсек, визажист Пэт Макграт жана анын командасы көптөн бери Met Gala, Оскар, Грэмми жана Vogue World сыяктуу ири мода жана шоу-бизнес долбоорлорунда жылдыздарды сахнага даярдап келет.
Визажист мырза учурда АКШга көчүп кетип, ошол жакта жашап жаткан.