Социалдык тармактарда АКШ президенти Дональд Трамптын Ак үйдөгү жолугушуунун жүрүшүндө көзүн жумуп отурган кадрлар тарады. Бул CNN жазды.
Макалада айтылгандай, видеонун айрым кадрларында Трамп көзүн жумуп жаткандай көрүнөт.
Бул кадрлар дароо эле сынга алынган. Мисалы, Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсомдун басма сөз кызматы да бул окуя боюнча билдирүү жасап, "Уктап жаткан Дон кайтып келди" деген жазуу менен сүрөтүн жарыялаган.
Ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлү Тейлор Роджерс CNN'ге президент уктабаганын, ал бардык иш-чара бою сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп бергенин билдирген.
Телеканал белгилегендей, Трамптын ден соолугу тууралуу суроолор анын кызматка киришкен күнүнөн бери токтобой келет.