UFC`нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Усман жана Умар Нурмагомедовдор, ошондой эле Ислам Махачев спорттон кеткенде машыктыруучулуктан кетерин жарыялады. Бул Red Corner MMA`нын маалыматында айтылат.
"MMA`дагы менин приоритеттерим - Усман, Умар жана Ислам. Алар пенсияга чыкканда, мен да пенсияга чыгам",- деген ал.
Хабиб өзү америкалык Жастин Геёжини жеңгенден кийин, тагыраагы, 2020-жылдын октябрь айынан бери беттешке чыга элек.